Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-апрели № 30/10
Жаңы конуштагы көчөгө ат коюу жөнүндө
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айылынын жаңы конушта жашаган тургундарынын жалпы элдик жыйында ар кандай көйгөйлүү маселелерден чыгуу үчүн паспорт жана башка маалымат алууда ар кандай себептер болгондуктан элдик жыйынында кабыл алынган токтомду угуп жана талкуулап, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айылындагы түндүк жээкте жаңы конушта жашаган тургундарынын жазган арызы элдик жыйындын токтому канааттандырылып, жаңы конушка “Акимжан ата” атындагы көчө болуп ысымы берилсин.
2. Жаңы конушка коюлган көчөнүн атын такталарга жаздырып, көчөлөргө номерин илдирип туруу жагы арыз ээси Рысбаева Сайранга тапшырылсын.
3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын Кочкор райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан, Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы айыл башчы М.Жумалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Өмүров |