Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06-августу № 32/1
Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн 6 айлык бюджеттин аткарылышы жөнүндө
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы, башкы эсепчиси Б.Тажиевдин 6 айлык бюджетинин аткарылышы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 6 айлык аткарылышы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
Киреше тармагы салыктардын жана жыйындардын эсебинен аткарылышы 9.779400 м.сом же 101 %
Чыгымдар тармагы - 6217800 м. сом суммасында же- 100 % аткарылышы.
2. Жыл аягына чейин жергиликтүү бюджеттин аткарылышына көзөмөлдүк кылып аткаруу жагы ФЭБ башчысы Б.Тажиевге тапшырылсын.
3. Токтомдун толук аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңешинин, экономика, финансы, бюджети, бюджет жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | А. Өмүров |