Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06-августу № 32/2
Муниципалдык ишканалардын таза суу, сугат суу боюнча жыйымдардын аткарылышы жөнүндө (МИ директорлору М.Төлөнбеков, Э.Токушовдордун маалыматтары)
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык ишканалардын жетекчилери М.Төлөнбеков, Э.Токушовдордун таза суу, сугат суу боюнча жыйымдардын аткарылышы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу “Кум-Дөбө” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Төлөнбековдун 2019-жылдын 6 айына таза суу, сугат суулардын жыйымдарынын аткарылышында бир кыйла келтирилген кемчиликтерден, сын-сунуштардан жыйынтык чыгарууну, жалпы аткарылып келген ишине “Канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу “Шамшы” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.Токушовдун 2019-жылдын 6 айына таза суу, сугат суулардын жыйымдарынын аткарылышында бир кыйла кетирилген кемчиликтерден, сын-сунуштардан жыйынтык чыгаруу менен жалпы аткарылган ишине “Канааттандырарлык” деп табылсын.
3. Жогорудагы айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык ишканалардын жетекчилерине төмөндөгү иштерди аткарууну тапшырамын.
Айылдардагы тазалык иштерин уюштурууну;
Көчөлөрдөгү таштандыларды өз убагында чыгаруу жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө;
Ички каналдарды тазалоо иштерин уюштуруп, түнкү сугаттарды сапаттуу сугартуу, көзөмөлгө алуу;
4. Жыл аягына чейин жыйындарды толук чогултуп аткаруу жагы тапшырылсын.
5. Муниципалдык ишканалардын бюджетине түшкөн киреше, чыгашасы боюнча көзөмөлгө алуу жагы ФЭБ башчысы Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |