Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06-августу № 32/3
Кум-Дөбө айыл аймагындагы ФПСтин жерлерин тактоо жөнүндө
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнүн жер адиси Н.Осмоновдун, айыл башчылар Н.Акматов, Н.Көчөров, М.Дүйшөналиев жана М.Жумалиевдердин маалыматтарын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жер адиси Н.Осмонов ФПСтин жерлерин тактоодо айрым кемчиликтер болуп келишимдер толтурулбай жаткандыгы, аренда жерлердин салыктары өз убагында алынбай келгендиги эске алынсын.
2. Айыл өкмөтү боюнча ФПСтин жерлерин тактоо, мунун ичинен канча жерлер пайдаланып келген, арендага канча жерлери берилгендиги боюнча ар бир айылдар боюнча тизмесин тактап берүү, ушул убакытка чейин өздөштүрүп алып, мыйзамсыз алып алгандарды тактоону, айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссия менен бирдикте бүткөрүү 2019-жылдын 1-октябрына чейин бүтүрүп, айылдык кеңешине маалымат берүү жагы жер адис Н.Осмоновго тапшырылсын.
3. Айыл аймагындагы көчөлөрдү стандартташтыруу, туурасы 8-10-12 метрден кем эмес калтыруу, айыл тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы жер адис Н.Осмонов, түзүлгөн комиссия менен бирдикте иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
Төрага | А. Өмүров |