Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры № 2
Могол айыл аймагындагы социалдык обьектилердин кышка даярдыгы жөнүндө
Могол айыл аймагындагы социалдык обьектилердин кышка даярдыгы жөнүндө саламаттыкты сактоо, билим берүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Эрмековдун маалыматын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII- чакырылышын кезексиз XII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айылдык Кенешинин аймагындагы социалдык обьектилердин кышка даярдыгы «канаттандырарлык» деп табылсын.
2. Мектептердеги айрым кемчилдиктерди жоюу, мектептердин отун менен толук камсыздалышын көзөмөлдөө жана талапка ылайык иш алып баруу мектеп директорлоруна жана китепкана башчыларына милдеттендирилсин.
3. №36С.Балтабаев, №28 А.Шеркулов атындагы орто мектептеринин жана Көк-Тонду айылындагы ФАПтын алдындагы электр тогунун мамылары авариялык абалда болгондуктан балдардын жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу чаралары көрүлсүн жана электр мамыларын алмаштырып берүү жагы райондук электр тармактар ишканасынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана камсыз кылууМогол айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Турдукуловко жүктөлсүн.
Төрага | Т. Омурзаков |