Редакцияот 10.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз XII -сессиясы

 

2018-жылдын 10-октябры № 6

КР ЖӨБО Союзунун 23.08.2018 –жылдагы №104-18-катын кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 13-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Союзга мүчөлүк төлөмдөордү төлөп берүү боюнча кайрылууларын карап чыгып жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII - чакырылышынын кезекcиз ХII- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Могол айыл өкмөтүКыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзуна мүчө болуп кирсин.

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Уставына ылайык жылына 1 жолу калктын санына жараша 1 кишиге 1сомдон кем эмес мүчөлүк төлөм төлөнүп берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу менен иш алып баруу Могол айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Омурзаков