Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры № 7
Жайыт комитетине келген атайын техника жөнүндө
Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун каржылоосу менен Могол айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмеси атайын техника менен камсыздалгандыгына байланыштуу техниканы иштетүү боюнча маселени угуп жана талкуулапМогол айылдык Кенешинин VII - чакырылышынын кезекcиз ХII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине келген атайын техниканы калктын нааразычылыгын болтурбоо максатында техниканы иштетүү жобосу жана тарифтери иштелип чыксын.
2. Атайын техниканы иштетүү жобосун жана тарифтерин иштеп чыгуу үчүн жумушчу комиссия түзүү Могол айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Атайын техниканы иштетүү жобосун жана тарифтерин иштеп чыгуу үчүн жумушчу комиссиянын курамына депутаттар Б.Ниятов жана К.Эрмеков киргизилсин.
4. Алынган атайын техниканы иштетүүдө айыл аймагынын калкына ыӊгайлуу шарттарды камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык азык түлүк, токойчулук жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Акимжановко тапшырылсын
Төрага | Т. Омурзаков |