Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры № 8
Турак-жайга берилген жерлер боюнча маалымат угуу жөнүндө
Могол айыл өкмөтүнүн жер адиси Ш.Алимбековдун турак-жайга берилген жерлер боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII - чакырылышынын кезекcиз ХII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айыл өкмөтүнүн жер адиси Ш.Алимбековдун турак-жайга берилген жерлерлердин маалыматы боюнча жер участка алган айрым атуулдарга жер тилкелери туура эмес берилгендиги белгиленсин.
2. Турак-жайга берилүүчү жер участкаларды бөлүү алдында жер участкасына муктаж атуулдардын тизмесинталдоо жана аныктоо айылдыкКеӊештин алдындагы агрардык азык түлүк, токойчулук жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын жана айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын кароосуна коюлсун.
3. Могол айылдык Кеӊештин алдындагы агрардык азык түлүк, токойчулук жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын жана айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын токтомуна ылайык кезекте турган атуулдарга жер тилкесин ажыратып берүү Могол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык азык түлүк, токойчулук жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Акимжановко тапшырылсын.
Төрага | Т. Омурзаков |