Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры № 9
2020-жылы өтүүчү эл жана турак жай фондусун каттоого карата айылдагы көчөлөргө наам берүү жөнүндө
2020-жылы өтүүчү эл жана турак жай фондусун каттоого карата айылдагы көчөлөргө наам берүү боюнча айылдардын тургундарынын жалпы жыйналыштарынын токтомдору менен таанышып жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII - чакырылышынын кезекcиз ХII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айыл аймагындагы Ооган-Талаа,Чкалов жана Кара-Ой айылдарынын аты жок көчөлөргө наам берүү боюнча айылдардын тургундарынын жалпы жыйналыштарынын токтомдору бекитилсин.
2. Ооган-Талаа айылынын аптеканын артындагы көчөгө Сатыбалдиев Мамырдын аты берилсин.
3. Ооган-Талаа айылынын аты жок көчөгө Бегматов Акматалинин аты берилсин.
4. Ооган-Талаа айылынын Майда Жаӊгак участкасындагы аты жок көчөгө Дүйшеев Маданбектин аты берилсин.
5. Ооган-Талаа айылынын Бувакол участкасындагы көчөлөргө «Кыргызстан», «Эркиндик», «Биримдик» деп наам берилсин.
6. Ооган-Талаа айылынын мектеп жайгашкан жана мөмө жемиштерди кайра иштетүүчү ишкана жайгашкан көчөлөргө «Мектеп көчөсү» жана «Завод көчөсү» деп наам берилсин.
7. Ооган-Талаа айылынын жаӊы жер тилкелери берилип турак-жайлар жайгаштырылган көчөгө «Жаштык көчөсү» деп наам берилсин.
8. Чкалов айылынын участкасындагы аты жок көчөгө эмгектин ардагери Нукумов Мамашариптин аты берилсин.
9. Кара-Ой айылынын көчөлөрүнө төмөндөгү Улуу Ата Мекендик согуштун жана Эмгектин ардагерлери болгон атуулдардын аты берилсин:
Кадыров Жамшид-УАМС ардагери,
Саипов Абжапар- УАМС ардагери,
Мусаев Айтбай-УАМС ардагери,
Койчукулов Жусуп – эмгек ардагери,
Абылкасымов Тургунбай - эмгек ардагери,
Сактанбеков Муктаркан -эмгек ардагери,
Мырзакаримов Ази –эмгек ардагери,
Рахмат уулу Абдылда –эмгек ардагери.
10. Могол айыл аймагындагы Ооган-Талаа,Чкалов жана Кара-Ой айылдарынын наам берилген көчөлөрдүнинфраструктурасын жакшыртуу жана көчөнүн атарын илүү, номерлөө демилгечи топторго жана аты коюлган ардагерлердин үй-бүлөөлөрүнө жүктөлсүн.
11. Токтомго ылайык иш чараларды жүргүзүү токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
12. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык Кеӊешинин төрагасынын орун басары Р.Юлдашевке жүктөлсүн.
Төрага | Т. Омурзаков |