Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры № 10
Кара-Ой айылында ачылган №32 балдар бакчасына наам берүү жөнүндө
Могол айыл аймагынын Кара-Ой айылында жаӊы ачылган №32 балдар бакчасына наам берүү боюнча Кара-Ой айылынын жана Катыраӊкы участкасынын тургундарынын жалпы элдик жыйынынын токтому менен таанышып жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин
VII - чакырылышынын кезекcиз ХII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айыл аймагынын Кара-Ой айылында жаӊы ачылган №32 балдар бакчасына наам берүү боюнча Кара-Ой айылынын жана Катыраӊкы участкасынын тургундарынын 2018-жылдын 5-сентябрындагы жалпы элдик жыйынынын токтому бекитилсин.
2. Могол айыл аймагынын Кара-Ой айылында жаӊы ачылган №32 балдар бакчасына “Умсунай”аты берилсин.
3. Токтомго ылайык иш чараларды жүргүзүү токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык Кеӊешинин саламаттыкты сактоо, билим берүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Эрмековко жүктөлсүн.
Төрага | Т. Омурзаков |