Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры № 11
Көчүрмө болгон Боокол жана Кайнар айылдарын Улуттук статистика бөлүмүнөн чыгаруу жөнүндө
Могол айыл өкмөтүнүн жер адиси Ш.Алимбековдун көчүрмө болгон жерлер боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII - чакырылышынын кезекcиз ХII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1986-1988-жылдардагы табигий кырсыктын натыйжасында Могол айылдык Кеӊешинин Бувакол жана Кайнар айылдарынын тургундары Ооган-Талаа жана Чкалов айылдарына көчүрүлгөндүгү белгиленсин.
2. Могол айыл өкмөтү 1996-жылы кайра түзүлгөндөн тартып ушул күнгө чейинБувакол жана Кайнар айылдары айыл өкмөтүнүн курамында жок болгондугуна байланыштуу аталган айылдарды Улуттук статистика тарабынан чыгарып берүү жагы Базар-Коргон райондук статистика бөлүмүнөн суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Могол айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык Кеӊешинин төрагасынын орун басары Р.Юлдашевке жүктөлсүн.
Төрага | Т. Омурзаков |