Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-декабры № 3
Могол айыл аймгында калкка кызмат көрсөтүү борборунун (ККБ) Жобосун жана мамлекеттик органдардын аймактык өкүлчүлүктөрү менен айыл өкмөтүнүн өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Келишимдин формасын бекитүү жөнүндө
Могол айылдык Кеӊешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХIII-сессиясы “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча калкка кызмат көрсөтүү борборунун (ККБ) ишмердүүлүгүнүн жобосунун долбоору жана мамлекеттик органдардын аймактык өкүлчүлүктөрү менен айыл өкмөтүнүн өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Келишимдин формасы менен таанышып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калкка кызмат көрсөтүү борборунун (ККБ) ишмердүүлүгүнүн Жобосу жактырылсын жана бекитилсин. (№1-тиркеме тиркелет)
2. “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча калкка кызмат көрсөтүү борборунун (ККБ) ишмердүүлүгүн ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын аймактык өкүлчүлүктөрү менен өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Келишимдин формасын бекитилсин. (№2-тиркеме тиркелет).
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык Кеӊешинин мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Омурзаков |
Могол айылдык Кеңешинин
VII- чакырылышынын
кезексиз ХIII –cессиясынын
№3-токтомунун№1- тиркемеси
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Могол айылөкмөтүнүн алдында түзүлгөн Калкка кызмат көрсөтүү борборлорунун (ККБ) ишмердүүлүгүнүн
ЖОБОсу
Жалпы жоболор
ККБнын түзүүнүн максатары жана милдеттери
ККБнын уюштуруу ишмердиги
ККБда маалыматтык-сурап билүүнү камсыздоо
ККБнын ыйгарым укуктуу кызматкери
Кошумча кызматтар
ККБнын ишмердигин мониторинг кылуу
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБО) тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү Кыргыз Республикасынын бир катар ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынган. Калкка жеткиликтүү жана сапаттуу кызмат көрсөтүү инструменттердин бири болуп айыл өкмөттөргөкараштуу көп тармактуу функционалдуу кызмат көрсөтүүчу борборлорду (ККБ) түзүү болуп саналат.
«Бирдиктүү терезе» принцибинин негизинде ККБ мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнү уюштурууга ыйгарым укукка ээ.
Жалпы жоболор
1.1. ККБнын ишмердиги жөнүндө Типтүү жобо 2011-жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»Мыйзамына, 2012-жылдын 23-мартындагы “Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын Концепциясына” ылайык иштелип чыккан.
1.2. ККБ жергиликтүү кеңештин чечимине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчиси аркылуу түзүлөт.
1.3. ККБ өзүнүн ишмердигинде келишимдин негизинде территориалдык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын структуралык түзүмдөрү менен өз ара аракеттенет.
ККБнын түзүүнүн максаттары жана милдеттери
2.1. Борбордун түзүү максаты болуп, жарандар үчүн бирдейликти камсыз кылуу, айрыкча аялуу топторду(балдарды, жаштарды, аялдарды) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кызмат көрсөтүүнүн процедурасын жеңилдетүүнүн негизинде, кызмат көрсөтүүнүн убактысын кыскартуу, коррупциялык механизмдерди төмөндөтүү, кызмат алуучулар үчүн жакшы шарттарды түзүү эсептелет.
2.2. Борбордун милдеттери болуп төмөндөгүлөр саналат:
а) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн уюштуруунун астында кайрылуучу субъектилердин кайрылуу санын минималдык өлчөмдө азайтуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн процедураларын жөнөкөйлөштүрүү жана анын сапатын жогорулатуу;
б) кайрылуучуларга бир эле убакытта бири-бирине байланышкан мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарды алууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүү;
в) ККБнын жооптуу өкүлү (администратору) аркылуу кызмат көрсөтүү жөнүндө кайрылуучуга маалымат берүүнү камсыздоо;
г) жарандардын жазуу жүзүндөгү жана ооз эки кайрылууларын же сунуштарын кароо, коомдук инициативаларды, административдик, жер, турак-жай, коммуналдык жана социалдык маселелер боюнча жарандык укуктун негизинде жарандарды кабыл алууну жүргүзөт;
д) маалымат жана байланыш технологияларын колдонуу менен ведомстволук уюмдардын эсебинен маалыматтык жана документациялык өз ара кызматташууда кызмат адамдары менен арыздануучулардын ортосундагы байланыштын санын кыскартуу.
ККБнын уюштуруу ишмердиги
ККБнын ишмердигин уюштуруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы тарабынан айыл өкмөтүнүн имаратынан тийиштүү жабдуулар (жабдуулар, телефондор, компьютерлер, маалыматтык стендтер, TV ж.б.) менен камсыздалган, мүмкүнчүлүккө ылайык биринчи кабаттан өзүнчө бөлмө бөлүп берүүнү камсыздайт.
ККБда белгиленген графиги боюнча айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин ичинен квалификациялык талаптарга жооп берген адистер тарабынан, кызмат көрсөтүү боюнча функционалдык милдеттер айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан кимге жүктөлгөн болсо, мындан тышкары райондо жайгашкан мамлекеттик органдардын аймактык өкүлчүлүктөрү тарабынан калкка маанилүүрөк кызмат көрсөтүү жүргүзүлөт.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү учурунда, бир нече уюмдар катышса, айыл өкмөт башчысы кызмат көрсөтүүчү келишимди, кайрылуучунун жыйынтыктоочу документтерин берген орган менен биргеликте түзөт.
Алыскы айылдардан келген жарандар кезексиз кабыл алуу укугуна ээ. Кабыл алууга баш тартуу мүмкүн эмес.
Өзгөчө учурларда, кайрылуучуга ылайык мезгилде айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ар кандай мүнөздөгү маалымдамаларды ККБдан тышкары берет. Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы берилген маалымдамаларды өз алдынча эсепке алууга укуктуу.
Борбор тарабынанакылуу жана акысыз кызматтар жөнүндө калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бөлмөлөргө жайгаштырууну жана чыгаруунуККБкамсыздайт.
ККБ жайгашкан жайлар кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучуларга төмөнкү маалыматтарды жеткирүүгө арналган маалыматтык тактайча (көрнөк) менен жабдылат:
а) иш режими жөнүндө;
б) телефондор жана даректер, анын ичинде –мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана адистеринин электрондук почтадаректери;
в) калк үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген тизмеги аларды көрсөтүүнүн шартын (акысыз жана акы төлөнүүчү) көрсөтүү менен. Мында бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин колдонуу зарыл.
Калктын маалыматтуулугун камсыздоо үчүн тиешелүү материалдарды ККБда жайгаштырылган маалыматтык стенддерге жана жарыктандырылуучу таблолорго жайгаштыруу, ошондой эле маалыматык-коммуникативдик технология (МКТ) каражаттарын, электрондук жана басма сөз ЖМКларды кеңири колдонуу зарыл.
Кызмат көрсөтүү борборлорунда (ККБ) маалыматтык-сурап билүүнү камсыздоо
4.1. Маалымат такталары муниципиалдык жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө актуалдуу жана ар тараптуу материалдар менен камсылдалышы керек, атап айтканда:
а) кызматтарды алуу үчүн керек болгон документтердин тизмеси;
б) кызмат көрсөтүү борборлорунда муниципиалдык жана мамлекеттик кызматтарды алууга зарыл болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу же мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан бекитилген бланканын формаларын толтуруу үлгүлөрү;
в) көбүрөөк берилген суроолор жана аларга жооптор (1 айда 1 жолудан жаныланып туруусу зарыл);
г) Муниципиалдык жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун шарттарын түшүндүргөн эрежелер, блок схемалар жана графикалык сүрөттөр;
д) административдик процедурадан өтүүнү чагылдырган алгоритм, текст жана блок-схема түрүндөгү маалымат;
е) мамлекеттик алымдарды төлөөгө мүмкүн болгон жакын жайгашкан банктык мекемелердин даректери жана мамлекеттик алымдарды төлөө үчүн банктык реквизиттер;
ж) кызмат көрсөтүү борборлорунда муниципиалдык жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча юридикалык жана жеке жактарга кеңеш берүүчү ишмердүүлүктү жүргүзгөн кызматкерлердин телефондору.
4.2. Маалымат системалары төмөнкүлөр үчүн:
а) кызмат көрсөтүү үчүн документтерди кабыл алууда колдонулуучу маалыматтарды топтоо жана системалаштыруу;
б) кызмат көрсөтүү процессинде кызмат көрсөтүү борборлору менен мамлекеттик органдардын ортосунда электрондук формада маалымат алмашуу;
в) кызмат көрсөтүү процесстери.
Маалыматтар ар дайым жарык көрнөктөрдө чагылдырылып туруусу керек (маалыматы менен видеоэкран). Жарык көрнөктөр жарандарды кабыл алууну жүргүзгөн жайга жакын жерде орнотулат.
ККБнын ыйгарым укуктуу кызматкери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн субъектилери менен байланыштагы жана ККБнынжумушуна тартылган милдетүү, ыйгарым укуктуу кызматкерди айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин ичинен айыл өкмөтүнүн башчысы,ККБнын жооптуу өкүлүн (администраторун) дайындайт.
ККБнын ыйгарым укуктуу кызматкери:
а) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүгө керектүү документтерди кайрылуучудан алат жана каттоо журналына каттоо жүргүзөт, кайрылуучу берген документтердин толук экендигин текшерет жана мамлекеттик кызматтарды алуу үчүн берилген документтерин кайрылуу ээсине сакталышы жана кайра кайтарылып берилишине толук жоопкерчилик алат;
б) Кызмат көрсөтүүгө катышкан аткаруу бийлигинин (уюму) мамлекеттик органдардын аймактык өкүлчүлүктөрүнө ККБдан тиешелүү документтерди жеткирүүнү уюштурат, анан сырткары мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын жеткирүүсүн уюштурат;
в) 3 күндөн кечикпестен каттоодон өткөндөн кийин документ жүргүзүү тартиптерине ылайык айыл өкмөтүнүн жетекчисине же мамлекеттик органдардын аймактык өкүлчүлүгүнө кайрылуучунун арызын жана документтердин пакетин берет;
г) кайрылуу ээсине суралган документти берет же жүйөөлүү себептер менен баш тартат;
д) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү процедуралары боюнча арызберүүчүлөргө маалымат-кеңеш берүүнү колдоо көрсөтөт.
ККБнын ыйгарым укуктуу кызматкерибелгиленген тартипте жашыруун маалыматты ачыкка чыгаргандыгы үчүн мыйзамдарга ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
ККБнын ыйгарым укуктуу кызматкеринин укуктары:
а) тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алуу үчүн керектелген документтерди көрсөтүү толук болбогон учурда, арыз алуу убагында кайрылуучуга кайрылуудагы документтердин пакети толук эмес экендигин билдирип алуудан баш тартат;
б) документтерди берүү учурунда же документтердин пакетин кабыл алууда кайрылуу ээсине төмөнкү учурда баш тартат: эгерде суралган документтерди кабыл алуу укугун тастыктаган же жекелиги тууралуу күбөлүгү, ведомстволор аралык кызмат алуу үчүн (суралган) документтерде көрсөтүлбөсө.
ККБнын курамындагы калкка кызмат көрсөтүүгө тартылган уюмдар:
а) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр учурунда жарандар менен өз ара кызматташтыкты камсыз кылуу үчүн зарыл болгон учурда, ККБдагы милдеттүү жооптуу кызмат адамдарынын катышуусун (жайгаштыруусун) камсыздайт;
б) Келишимдердин, башка ченемдик укуктук актылардын, мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүү стандарттарына ылайык, кайрылуучу тарабынан талап кылынуучу документти даярдайт же так шарттарын түшүндүрүү менен жүйөөлүү баш тартат.
в) ККБнын кызматкерлерине керек болгон маалымат базаларына, ошол эле учурда электрондук түрдөгү базаларга жеткиликтүүлүктү камсыз кылат;
г) ККБга даярдалган документти беретже жүйөөлүү себептер менен баш тартат;
д) ушул Типтүү жободо көрсөтүлгөн максаттарга жана милдеттерге жетишүүнү толук камсыздайт.
Документтерди кароо жана берүү ведомстволор аралык кызмат алкагында тиешелүү ченемдик укуктук актыларга, келишимдерге ылайык белгиленген мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат.
Кошумча кызматтар
5.1. Борборжайгашкан бөлмөдө, кайрылуучу субъекттердин убактысын чыгымдарын жана материалдык чыгымдарын төмөндөтүү камсыздоо талаптарына ылайык, конкурстук негизинде чарбалык субъектилер мененкошумча (документтердин көчүрмөсүн даярдоо, ж.б.) тиешелүү кызматтарды көрсөтө алат.
5.2. Чарбалык ишмердиктин чөйрөсүндө уруксат берүү мүнөздөгү (кайра каттоо, дубликат берүү, күчүн жоготуу) документтери боюнча ККБ административдик кызмат берүүгө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу укугуна ээ.
ККБнын ишмердигин мониторинг кылуу
6.1. ККБнын ишмердигинмониторингдөөнү жергиликтүү кеңешжергиликтүү жаамат менен биргежүргүзөт.
Могол айылдык Кеңешинин
VII- чакырылышынын
кезексиз ХIII –cессиясынын
№3-токтомунун №2- тиркемеси
"Бирдиктүү терезе" принциби боюнча кызматтарды көрсөтүүдө мамлекеттик органдардын аймактык өкүлчүлүктөрү мененМогол айыл өкмөтүнүн өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Келишимдин формасы
«__» _______________ 20___ ж. № _____________
(айыл аймактын толук аталышы) атынан______________________________________________________________________
(айыл өкмөт башчысынын аты жөнү)
Жергиликтүү жамааттын уставына ылайык иш жүргүзгөн жана мындан ары «Айыл өкмөтү» бир тарабынан,жана______________________________________________________________________
(аймактык мамлекеттик органдын аталышы)
атынан ___________________________________________________________________
(мамлекеттик органдын аймактык өкүлчүлүгүнүн башчысынын аты жөнү)
мындан ары «Уюм», башка тараптан, мындан ары Тараптар, төмөндөгүдөй Келишим түзүштү.
Келишимдин предмети
Ушул Келишимдин предмети болупКалкка кызмат көрсөтүү борборунда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу үчүн, айыл өкмөтү менен Уюмдун ортосундагы өз ара аракеттенүү тартиби болуп саналат.
Тараптар өздөрүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде, жарандарды кабыл алуу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуу маселелери боюнча, уюштуруучулук жана маалыматтык өз ара аракеттенүү боюнча макулдашты.
ККБнын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү уюштуруудагы Тараптардын өз ара аракеттенүү тартиби
Айыл өкмөтү менен Уюмдун төмөндөгү маселелер боюнча өз ара аракеттенүүсү:
айыл аймагынын территориясындагы "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча кызматтарды көрсөтүүдө юридикалык жактардын жана жарандардын укуктарын камсыздоо;
мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү уюштурууда жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууда тапшырмаларды биргелешип аткаруу;
мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн керектүү маалыматты камтыган, маалыматтык системага мүмкүнчүлүк алууну уюштуруу;
Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык мүмкүнчүлүгү чектелген, маалыматтык коопсуздукту камсыздоо.
2.2. Кызматташтык жөнүндө Келишим бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзүлөт;
2.3. Тараптар айыл аймакта мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү маселелери жана башка уюштуруу темасында жумушчу жыйындарды жана башка биргелешкен иш-чараларды өткөрө алышат.
2.4. Тараптар, калкка кызмат көрсөтүү учурунда:
ККБнын калкты кабыл алуу бөлмөсүндө белгиленген күндөрү биргелешип калкты кабыл алууну жүргүзөт жана тиешелүү кызматтарды көрсөтөт;
мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин камтыган тиешелүү маалыматтарды алууну камсыздайт;
кайрылуунун негизинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө тиешелүү маселелер боюнча маалымат берет;
керектүү документтердин формалары, аларды көрсөтүүнүн тартиби туурасындагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөгү маалыматтарды Интернет тармагындагы, маалымат ресурстарын колдонуу менен эркин түрдө жайгаштырат.
Айыл өкмөттүн укуктары жана милдеттери
3.1. ККБнын калкты кабыл алуу бөлмөсүндө Уюмдун кызматкерлерине маалыматтар базасына жетүүгө мүмкүнчүлүгү бар компьютер менен жабдылган жумуш ордун камсыз кылуу.
3.2. ККБда уюштурулган кызмат көрсөтүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенттеринин шарттарын сактоого, мындан сырткары аталган Келишимдин шарттарынын сакталышына көмөк көрсөтүү.
3.3. Айыл өкмөтү аталган Келишимдин 3 пункттунда белгиленген көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтарды уюштурууда укуктуу:
1) калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн керектүү маалыматтарды, тиешелүү «Уюмдан» алууга;
2) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн аткарылышынын жүрүшү жөнүндө, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө кирген маселелер боюнча «Уюмга» кайрылууларды жана маалыматтарды жиберүүгө;
3) жетүүгө мүмкүнчүлүгү чектелген маалыматтардын коопсуздугун камсыздоо, мындан сырткары жеке маалыматтарды колдонуу жана кайра иштетүүнү сактоо.
4. Уюмдун укуктары жана милдеттери
4.1. Аталган Келишимдин 2-пункттунда белгиленген мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө «Уюм» милдеттүү:
1) ККБда калкты кабыл алууну жана калкка кызмат көрсөтүүнү 2013-жылдын 3 сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнундө» № 603 токтомуна ылайык жүргүзөт;
2) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүү үчүн керектүү маалымат камтыган, маалымат системасына жетүүгө мүмкүндүк берүүнү камсыздайт, эгерде Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында башка нерсе көрсөтүлбөсө;
3) мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө кирген маселелер боюнча керектүү маалыматтарды айыл өкмөтүнүн кайрылуусунун негизинде берүү;
4) Калкка кызмат көрсөтүү маселелери боюнча кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана окутууга багытталган иш-чараларды өткөрүүдө өздөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусун камсыздоо;
5) ККБда уюштурулган мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттарын жана административдик регламенттерин, андан сырткары аталган Келишимдин шарттарын сактоо.
4.2. Эгерде, малекеттик кызмат көрсөтүү учурунда башка иш-аракеттер талап кылынса (мисалы, кошумча материалдарды чогултуу жана изилдөө) же Уюмдун жетекчиси тарабынан тиешелүү чечимкабыл алуу жүргүзүлсө, кайрылуучуга кызматтын жыйынтыгы боюнча маалымат белгиленген мөөнөттүн бүтүшү менен берилет.
5. Тараптардын жүктөлгөн милдеттерин аткарбашы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн жоопкерчилиги
Ушул Келишимге ылайык, Тараптардын милдеттенмелерди аткарбашы же талаптагыдай эмес аткаруусу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Келишимдин мөөнөтү
Бул Келишим эки Тарап кол койгон күндөн кийин күчүнө кирет жана келишимге кол коюу боюнча аныкталган мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу болуп саналат.
Корутунду жоболор
7.1. Ушул Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жазуу жүзүндөгү формада толуктоолор түрүндө жүргүзүлөт жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
7.2. Тараптардын ортосундагы талаш-тартыштар сүйлөшүү жолу менен же сот аркылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.
7.3. Бул келишим эки нускада мамлекеттик же официалдуу тилде түзүлгөн, бирдей юридикалык күчкө ээ болгон, ар бири ____ баракта (тиркемелерин кошо алганда), ар бир Келишим тараптары үчүн бирден нускада түзүлөт.
Тараптардын дареги жана маалыматы
«УЮМ»
| Айыл өкмөтү |
______________________________
______________________________
| ___Могол_айыл өкмөтү_________
________________________________
|
Колу | Колу |