Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-декабры № 4
Могол айыл аймагынын айыл өкмөтү менен “Ооган-Талаа жаштар демилгелүү топтор” коомдук бирикмеси ортосундагы өз ара кызматташуу боюнча меморандумду макулдашуу жөнүндө
Могол айылдык Кеӊешинин VII-чакырылышынын кезексизХIII-сессиясы Могол айыл аймагынын айыл өкмөтү менен “Ооган-Талаа жаштар демилгелүү топтор” коомдук бирикмеси ортосундагы өз ара кызматташуу боюнча меморандуму менен таанышып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айыл аймагынын айыл өкмөтү менен “Ооган-Талаа жаштар демилгелүү топтор” коомдук бирикмеси ортосундагы өз ара кызматташуу боюнча меморандуму макулдашылгандыгы белгиленсин.
2. “Ооган-Талаа жаштар демилгелүү топтор” коомдук бирикмесинин аткарып жаткан иштери айыл аймагынын айылдарына жайылтылсын.
3. Могол айыл өкмөтү менен “Ооган-Талаа жаштар демилгелүү топтор” коомдук бирикмеси ортосундагы өз ара кызматташуу боюнча меморандумунун аткарылышын камсыздоо Могол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык Кеӊешинин төрагасынын орун басары Р.Юлдашевке тапшырылсын.
Төрага | Т. Омурзаков |