Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-декабры № 5
Могол айыл аймагында айылдарды жарыктандыруу долборунун аткарылышы жөнүндө
Могол айыл аймагында айылдарды жарыктандыруу долборунун аткарылышы боюнча депутаттардын маалыматын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кеӊешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айыл аймагында айылдарды жарыктандыруу долборунун аткарылышы долбоорго ылайык жүргүзүлбөй жаткандыгы белгиленсин.
2. Айылдарды жарыктандыруу долборунун толук аткарылышын камсыздоо жана көзөмөлдөө максатында төмөндөгүдүй курамда депутаттык комиссия түзүлсүн:
1) Эрмеков Канжар- комиссиянын төрагасы,
2) Омурзаков Тян-Шань- комиссиянын мүчөсү,
3) Момошов Бакыт- комиссиянын мүчөсү,
4) Артуматов Эргешбай-комиссиянын мүчөсү,
5) Касымбеков Азамат - комиссиянын мүчөсү,
6) Абылкасымов Төлөнбай - комиссиянын мүчөсү,
7) Борубаев Садыкбек - комиссиянын мүчөсү.
3. Айылдарды жарыктандыруу долборунун толук аткарылышын камсыздоо жана көзөмөлдөө боюнча депутаттык комиссиясына долбоордун аткарылышы боюнча иликтөө жүргүзүп кийинки сессияга маалымат берүү жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык Кеӊешинин төрагасынын орун басары Р.Юлдашевке тапшырылсын.
Төрага | Т. Омурзаков |