Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06-августу № 32/4
ЖПБнин төрагасы К.Жукешовдун көчүү-конуу жана малчылардын баккан малдарынын санын аныктоо, алыскы жайыттарга көчүрүү жөнүндө
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл аймагындагы ЖПБнин төрагасы К.Жукешовдун маалыматтарын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагындагы ЖПБнин төрагасы К.Жукешовдун 2019-жылдын 6 айында аткарган иштерине келтирилген кемчиликтерин эске алуу менен 2019-жылы жайыт пайдалануучулар бирикмеси менен мал баккан чабандар ортосунда келишимдер түзүлбөй ар бир короо 600-700 баштан ашык болбосун деген токтом аткарылбай, алыскы жайлоолорго көчүрүлбөй, кээ бир мал баккан малчылар сарайда отуруп жаткандыгы, малдар саналбай келгендигин эске алуу менен 01.10.2019-жылга чейин убакыт берүү менен, эгер аткарылбаса кызматтык абалын кароо эскертилсин.
2. “Бузуулар жөнүндө” кодексин колдонуп чара көрүлбөй, кайдыгер каралып жаткандыгын айылдарда калган субай малдардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөй, мыйзам чегинде колдонулбай, түзүлгөн комиссия курамы иштебей жаткандыгын эске алынсын.
3. ЖПБнин төрагасы жана түзүлгөн комиссия менен бирдикте жайлоодогу малчыларга барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп, малдарын санап, салымдарын өз убагында чогултуу жагын колго алышсын.
4. ЖПБнин эсеп чот алуу, кириш-чыгышын жүргүзүү боюнча мурунку эсепчи Н.Керимбековдун өз каалоосу менен кеткендиктен, ордуна көпчүлүк айылдык кеңештин депутаттарынын колдоосу менен Сарыпбек у Тилек дайындалсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы М.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |