Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06-августу № 32/5
Айыл аймагындагы күзгү коруктар боюнча уюштуруу иштери жөнүндө
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл аймагындагы ЖПБнин төрагасы К.Жукешовдун, айыл башчылар Н.Акматов, Н.Көчөров, М.Жумалиев жана М.Дүйшөналиевдердин 2019-жылда аткарып келген иштери жөнүндө маалыматтарын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын айыл башчылары, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К.Жукешовдун 2019-жылда ички жайлоолордо коруктарды уюштуруу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө, аткарган иштеринде келтирилген кемчиликтерди эске алуу менен төмөндөгүдөй баа берилсин.
2. Кум-Дөбө айылынын айыл башчысы милдетин аткаруучу М.Жумалиевдин аткарган иштеринде ички жайлоолорго көчүп барган чабандардын шартын түзүп, жайлоого баруучу жолдорду оңдотуп, айтылган сын-сунуштарды аткаргандыгы үчүн иштеген иши “Канааттандыраарлык” деп табылсын.
3. Ак-Жар айылынын айыл башчысы М.Дүйшөналиевдин аткарган иштеринде малчыларды көчүрүүдө өз убагында көчүрүлүп, ички жайлоолордун жолдору оңдолуп, коктуларды тозууда эл менен сүйлөшүү жолу менен тозулгандыгы үчүн “Канааттандыраарлык” деп табылсын.
4. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К.Жукешовдун аткарган иштеринде алыскы жайлоолорго көчүрө албай калгандыгы, мал баккан чабандарга келишим түзүүдө бир кыйла кемчиликтер бар экендиги көрсөтүлгөн тартипте 600-700 баштан ашпоо, бул аткарылбай, түшүндүрүү иштери жүрбөй жаткандыгы, мал баккан малчылар ар тараптуу көчүп-конуп жүргөндүгүн эске алуу менен 2019-жылдын 1-октябрына чейин мөөнөт берилип, эгерде аткарылбаса кызмат абалын кароо жагы айыл өкмөт башчысы М.Асанбаевге тапшырылсын.
5. Шамшы айыл башчысы Н.Көчөров, Бугучу айыл башчысы Н.Акматов эмгек өргүүгө кеткендигине байланыштуу кийинки кезектеги сессияда маалымат берүү жагы эскертилсин.
6. Жогоруда баса көрсөтүлүп айтылган сын-сунуштардын келтирилген кемчиликтерден жыл аягына чейин аткарылбаса мыйзам чегинде административдик чара көрүлөөрү эскертилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |