Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06-августу № 32/6
Кум-Дөбө аймагындагы көчөлөргө ысым ыйгаруу жөнүндө
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл башчылар Н.Акматов, Н.Көчөров, М.Жумалиев жана М.Дүйшөналиев жана жер адис Н.Осмоновдун айыл аймагында жаңы курулуп бүткөн жаңы конуштардын көчөлөрүнө ат коюлуп ысымын берүү жөнүндө маалыматтарын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шамшы айылы боюнча-Шамшы айылынын тургуну Касымов Рыскулдун жазган арызы, жеринен элдик жыйында каралып, кийинки сессияда каралсын.
2. Кум-Дөбө айылы боюнча- Кум-Дөбө айылынын тургуну “Кочкор-Элет” кооперативинин жетекчиси И.Бейшеевдин жазган арызы канааттандырылып, өзүнүн менчик огородуна колба менен өстүргөн жаңы сортторго өз убагында суу бөлүп, айыл тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы МИ жетекчиси М.Төлөнбековго милдеттендирилсин.
3. Кум-Дөбө айылынын тургуну Токтомамбетов Кенжебектин жазган арызы канааттандырылып, “Ак-Такыр” участкасындагы үлүш жерин мыйзам чегинде карап, убагында салыктары төлөнгөндүгүн аныктап, тиешелүү тартипте суу бөлүштүрүү ага көзөмөлдүк кылуу МИ М.Төлөнбековго, М.Жумалиевге тапшырылсын.
4. Кум-Дөбө айылынын тургуну Сыйналабдилов Табылдынын жазган арызы канааттандырылып, жеринен тактап, мыйзам чегинде карап, Чолпон ПЭС ишканасы менен бирдикте карап чечип берүү жагы айыл башчы М.Жумалиевге тапшырылсын.
5. Кырк Чоро жаңы конушуна № 2- көчөсүнө Өзүбеков Темир атындагы көчө болуп ысымы берилсин.
6. Жогорудагы ар кандай арыз даттануулар, жер үлүш, өздөштүргөн жерлерди тактоо, көчөлөрдү түздөп кеңейтүү иштерин жөнгө салуу боюнча комиссия курамын түзүү жана буйрук чыгаруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |