Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-августу № 2
Чаек айыл аймагындагы Кырмандын ичиндеги, Күчүк аймагындагы жана май куючуу жерлердин иш кагаздарын тактап мамлекеттик каттодон өткөрүү админстративдик жерлердин чектерин тактоо иштери жөнүндө
Чаек айыл аймагындагы Кырмандын ичиндеги, Күчүк аймагындагы жана май куючуу жерлердин иш кагаздарын тактап мамлекеттик каттодон өткөрүү, админстративдик жерлердин чектерин тактоо иштери жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл аймагындагы Кырмандын ичиндеги, Күчүк аймагындагы жана май куючуу жерлердин иш кагаздарын тактап мамлекеттик каттодон өткөрүү,админстративдик жерлердин чектерин тактоо иштери Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Алымкуловго милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Алымкуловго жүктөлсүн.
Төрага | З. Ү. Бозбалаев |