Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-августу № 6
Чаек айыл аймагынынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы орто мектептерди бала бакчаларды, балдар үйүн жылуулук менен камсыздоо үчүн “Кыргыз Жылуулук Энерго”мамлекеттик ишканасынын Жумгалдагы жылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасынын филиалына өткөрүп берүү жөнүндө
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы орто мектептерди бала бакчаларды, балдар үйүн жылуулук менен камсыздоо үчүн Жумгал райондук жылуулук берүү ишканасына өткөрүп берүү үчүн Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл аймагынынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы орто мектептерди бала бакчаларды ,балдар үйүнүн жылуулук менен камсыздоо үчүн “Кыргыз Жылуулук Энерго”мамлекеттик ишканасынын Жумгалдагы жылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасынын филиалына эки тараптуу келишимдин негизинде өткөрүлүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Алымкуловго жүктөлсүн.
Төрага | З. Ү. Бозбалаев |