Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-июну №24/110
Сары-Булак айылдык фельдшердик-акушердик пункттун жыл ичинде жүргүзгөн иштеринин отчеттун угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнө ылайык калктын саламаттыгын сактоодо жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Сары-Булак айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун башчысы Д.Такырбашованын отчеттун угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калктын саламаттыгын сактоодо жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Сары-Булак айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун башчысы Д.Такырбашованын отчетту канааттандыраарлык деп табылсын
2. Сары-Булак айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун башчысы Д.Такырбашова айыл элин сапаттуу тейлөө, социалдык ооруулардын алдын алуу, каттоодо турган жарандардын ал абалын өз убагында билип туруу, рецеп менен бериле турган дары-дармектер менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу менен медициналык биринчи жардамды өз учурунда көрсөтүү жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ч. Ү. Кыдыралиев |