Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-июну №24/111
Жеке ветеринарлардын жыл ичинде жүргүзгөн иштери тууралуу отчетторун угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнө ылайык мал арасында ар кандай жугуштуу ооруларды алдын алуу боюнча жеке ветеринарлардын жыл ичинде жүргүзгөн иштеринин отчетторун угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мал арасында ар кандай жугуштуу ооруларды алдын алуу боюнча жеке ветеринарлар А.Сасыковдун жана Т.Арпачиевдин жыл ичинде жүргүзгөн иштеринин отчеттору канааттандырылык деп табылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ч. Ү. Кыдыралиев |