Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-июну №24/112
№ 14 жол тейлөө мекемесинин жыл ичинде жүргүзгөн иштери тууралуу отчеттун угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнө ылайык Сары-Булак айылындагы № 14 жол тейлөө мекемесинин 2018-2019-жылдары жүргүзгөн иштери жана кышкы жол күтүүгө карата даярдыгы жөнүндө ишкананын начальниги К. Базаровдун отчеттун угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 14 жол тейлөө ишканасынын начальниги К. Базаровдун 2018-2019-жылдары жүргүзгөн иштери жана кышкы жол күтүүгө карата даярдыгы жөнүндө отчету канааттандыраарылык деп табылсын.
2. Айыл ичиндеги жолдордун ремонтуна жана жол белгилерине өзгөчө көңүл буруу жагы ишкананын начальниги К. Базаровго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ч. Ү. Кыдыралиев |