Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-июну №24/113
2019-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын жасаган иштери тууралуу отчеттун угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 50-беренесинин 2-бөлүгүнө жана Сары-Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 3-бөлүмчөсүнө ылайык айылдардагы иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программаларынын аткарылышы жана калктын социалдык жактан корголушу жөнүндө Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында жасалган иштери боюнча Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовдун отчетун угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышы, 2019-2020-жылдары Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн программасынын аткарылышы жана калктын социалдык жактан корголушу жөнүндө Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында жасалган иштери боюнча Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовдун отчетту канааттандыраарлык деп табылсын.
2. 2019-2020-жылдары Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн программасынын аткарылышы боюнча кечиктирилгиз иш алып баруу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы регламент, депутаттык этика жана мандат, жергилктүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ч. Ү. Кыдыралиев |