Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-июну №24/114
Жыл башындагы бекитилген акча каражатын которуп пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жыл башында бош калган каражатынан Сары-Булак айылдык Кеңешинин 18-январь 2019-жылдагы кезектеги XXII сессиясынын №22/107 токтому менен ар кандай долбоорлорго каралган 100,3 миң сомдон Ү.Бейшеев орто мектебине Мерсико (MercyCorps) эл аралык коммерциялык эмес уюму аркылуу окуучуларга ысык тамак даярдап берүүгө колдонуу үчүн эмеректерди алууга өздүк салымга 70,0 миң сом, Бузуу жөнүндө протоколдун типтүү бланкасын жана бузуу жөнүндө жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомдун бланкасын жасатууга 2,0 миң сом, Банер жазатууга 3,0 миң сом, Кургак учук оорусу менен ооруган бейтаптарга жол кире төлөп берүүгө 3,0 миң сом, Жайлоо бала бакчасын уюштурууга 5,0 миң сом, Айыл аймагындагы таштанды төгүүчү жайларды документтештирүүгө 10,0 миң сом, Аркандай чыгымдарга 7,3 миң сомду пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Н.Курмановдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жыл башында бош калган каражаттан ар кандай долбоорлорго каралган 100,3 миң сомду төмөдөгү статяга
2215- Ү.Бейшеев орто мектебине өздүк саламга 70,0 миң сом;
2215- Бузуу жөнүндө протоколдун типтүү бланкасын жана бузуу жөнүндө
жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомдун бланкасын жасатууга 2,0 миң сом;
2215- Банер жазатууга 3,0 миң сом;
2215- Кургак учук оорусу менен ооруган бейтаптарга жол кире төлөп берүүгө
3,0 миң сом;
2215- Жайлоо бала бакчасын уюштурууга 5,0 миң сом;
2215 - Айыл аймагындагы таштанды төгүүчү жайларды документтештирүүгө
10,0 миң сом;
2215 - Аркандай чыгымга 7,3 миңсом;
Баардыгы 100,3 миң сомду которуп пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ч. Ү. Кыдыралиев |