Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-майы №5/1
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетине, 2018-жылга калган калдык акча каражатына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Дөөлөтбаеванын маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүнүн негизинде айылдык Кеңешинин 5-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын 2018-жылдын бюджетиндеги 1 547 800 сом, төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
ЖПБга 28 200 сом
Обнавлениеге 40 000 сом
Картошка капатель алганга 350 000 сом
Компьютер алууга 30 000 сом
Экологияга 20 247 сом
Дыйкан айылдык А.Капаров орто мектебине жалпы 90 мин сом
Нур-Шоола балдар бакчасына жалпы 25 360 сом.
Паркты тосууга 400 000 сом
Кара-Суу айылынын Ген планына 270 000 сом.
ГСМ алууга 30 000 сом.
Соц кызматкерге компютер алууга 20 000 сом.
Долбоор даярдаганга 243 990сом.
Айыл өкмөтүнүн имаратын оңдоо үчүн смета түздүрүүгө 50 000 сом.
2. 2018-жылдын 19-январындагы №1 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.70111 бөлүгүнүн 2215 статясынан 100 000 сом 70921 бөлүгүнүн 3111 статясына которулсун.
3. Каралган акча каражаттар бекитилген сметага ылайык, Казына бөлүмү аркылуу түз чыгымдалсын, чыгымдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш Кабаевге жана өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы М.Дөөлөтбаевага милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Иманкулов |