Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-майы №5/2
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансындагы муниципалдык техникаларды “Кара-Суу өнүгүү” муниципалдык ишканасына өткөрүп берүүнү тапшыруу жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүнүн негизинде айылдык Кеңешинин 5-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү муниципалдык менчиктеги техникалардын бардык иш кагаздары такталып, бир айлык мөөнөттө толугу менен “Кара-Суу- өнүгүү” муниципалдык ишканага өткөрүлүп берилсин.
2. Токтомду аткарууну камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Кабаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Ж. Иманкулов |