Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-майы №5/4
Дыйкан айылындагы Кара-Талаа участогундагы 110га жер аянтын “Кара-Суу өнүгүү” Муниципалдык ишканага пайдаланууга берүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин 5-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дыйкан айылындагы Кара-Талаа участогундагы 110га жер аянты “Кара-Суу өнүгүү” Муниципалдык ишканасына убактылуу пайдаланууга берилсин.
2. Кара-Талаа участогундагы 110га жер аянтын “Кара-Суу өнүгүү” муниципалдык ишканасына убактылуу пайдаланууга өткөрүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Кабаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтом жарыялангандан тартып күчүнө кирет. Аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Ж. Иманкулов |