Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-декабры №10/1
Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен которулган электр энергиясынан үнөм болгон акча каражатын пайдаланылбай калган статьялардан зарыл болгон статьяларга жылдыруу жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Дөөлөтбаеванын маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүнүн негизинде айылдык Кеңешинин 10-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 70111бөлүгүнүн 2221 статьясынан пайдаланылбай калган 7,5 мин(жети мин беш жүз) сомду зарыл болгон, ушул эле бөлүктүн 2222 статьясына жылдырылсын.
2. 70921 бөлүгүнүн 2231 статьясынан 250,0 мин(эки жүз элүү мин) сом жана 70111 бөлүгүнүн 2231статьясынан 250,0 мин (эки жүз элүү мин) сом акча каражаты пайдаланылбай калгандыгына байланыштуу зарыл болгон 70111бөлүгүнүн 3111 статьясына жалпы 500,0 мин сом жылдырылсын.
3. 70111 бөлүгүнөн 2215 статьясынан пайдаланылбай калган 56.3мин (элүү алты мин үч жүз) сом ушул эле бөлүктүн зарыл болгон 2222 статьясына 36.3мин (отуз алты мин үч жүз) сом, 3112 статьясына, 20.0 мин сом жылдырылсын.
4. Каралган акча каражаттар бекитилген сметага ылайык, Казына бөлүмү аркылуу түз чыгымдалсын, чыгымдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш Кабаевге жана өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы М.Дөөлөтбаевага милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Иманкулов |