Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 7-февралы №2/1
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетин бекитүү жана 2020-2021-жылдардагы болжолдуу бюджетин пландоо жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетин бекитүү жана 2020-2021-жылдардагы болжолдуу бюжетин пландоо. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү Республикалык бюджеттен алынуучу тендештирилген жана айылда топтолуучу салык булактарынын эсеби төмөндөгүдөй бекитилсин.
КИРЕШЕ:
Тендештирилген гранттан- 8895,6 миң сом
Айылдык кирешеден- 3752,9 миң сом
Баары: -12648,5 миң сом
ЧЫГАША:
Башкаруу аппаратына- 8332,9 миң сом
Маданият тармагына- 727,0 миң сом
Билим берүү тармагына- 2990,4 миң сом
Атайын каражат- 310,0 миң сом
Экономикалык маселелер- 288,2 миң сом
Баары: - 12648,5 мин сом
2. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдардагы болжолдуу бюджетин тапшыруу айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М.Дөөлөтбаевага тапшырылсын.
3. Жергиликтүү салыктын түрлөрү боюнча чогултулган акча каражатын өз орду менен чогулушу жана төгүлүшү боюнча айыл өкмөтүнүн салык инспектору В.Касымбековага милдеттендирилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн эсебиндеги акча каражаттар бекитилген сметага ылайык Казына бөлүмү аркылуу түз чыгымдалсын жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы М.Дөөлөтбаевага милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Иманкулов |