Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 7-февралы №2/2
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги техникалык каражаттарынын 2018-жылга карата ишин текшерүүгө убактылуу комиссия түзүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги техникалык каражаттарынын 2018-жылга карата ишин текшерүү боюнча убактылуу комиссиясынын мүчөлөрү төмөндөгү курамда бекитилсин.
Комиссиянын төрагасы- Ч.Тентимишов;
Мүчөлөрү- Б.Мамытов
К.Барктабасов.
2. Түзүлгөн комиссия бир айлык мөөнөттө Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги техникалык каражаттарынын 2018-жылга карата ишин текшерип чыгууга милдеттендирилсин жана Кенешке отчет беришсин.
3. Токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Ж. Иманкулов |