Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 7-февралы №2/3
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинин аткарылышын угуп, 01.01.2019-жылга калган калдыкты бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинин аткарылышын угуп, 01.01.2019-жылга калган калдыкты бекитүү, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 17-чакырылышынын 2-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылга калган калдык акча каражаты боюнча жалпы 2140,2 миң сом менен төмөндөгүдөй бекитилсин:
Башкаруу аппаратына -763,1 миң сом
Маданият тармагына -153,0 миң сом
Билим берүү тармагына -1200,0 миң сом
Экономикалык маселелер -24,1 миң сом
Баары: 2140,2 миң сом
2. Калдык акча каражатынын эсебинен айылдык Кенештин төрагасынын жылдык эмгек акысы үчүн 11,1 миң сом, соц.фонддук төлөмү үчүн 1,9 миң сом менен бектилисин. Айылдык аксакалдар сотунунун жылдык сый акчасы үчүн 7,0 миң сом (с.ф төлөмү ичинде) менен бекитилсин, Погрузчик айдаган айдоочуга кызмат акы үчүн 120,0 миң сом (с.ф төлөмү ичинде) менен бекитилсин.
3. «AEGS” негизинде келүүчү проектиге өздүк салым үчүн 1200,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
4. Атайын каражаттан 2019-жылга калган калдык акча каражаты боюнча 281,9 миң сом менен төмөндөгүдөй бекитилсин.
Бала бакчага -39,7 миң сом
Башкаруу аппаратына -59,7
Маданият тармагына -182,5
Баары: 281,9 миңсом
5. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги акча каражаттар сметага ылайык, Казына бөлүмү аркылуу түз чыгымдалсын жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы М.Дөөлөтбаевага милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Иманкулов |