Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 19-июлундагы ПЖ № 283 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлерин түбөлүк эсте сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер-лерин түбөлүк эсте сактоо максатында токтом кылам: 1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргызстандынкөрүнүктүү ишмерлерин түбөлүк эсте сактоо боюнча комиссиянын (мынданары - Комиссия) Кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздөөчүлөрдүн аллеясын түзүүбоюнча иштерди улантуу жөнүндө сунушуна макулдук берилсин. 2. Комиссиянын Кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздөөчүлөрдүн аллеясынынкурамында - Масалиев Абсамат Масалиевичке, Бишкек шаарынын Эркиндикбульварында Сүйүмбаев Ахматбек Сүттүбаевичке, Дүйшеев Арстанбекке эсте-ликтерди түптөө жана орнотуу жөнүндө сунушу жактырылсын. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда көрсөтүлгөн эстеликтердиорнотуу боюнча финансылык жана уюштуруу маселелерин чечсин. 4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынып Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнөжүктөлсүн. 5. Бул Жарлык кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев