Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-сентябры №153
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин VIII-чакырылышынын кезектүү IV-сессиясынын 22.12.2017-жылдагы № 24 токтомунун аткарылышын кароо жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин VIII-чакырылышынын кезектүү IV-сессиясынын 22.12.2017-жылдагы № 24 токтомунун аткарылышын талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары өткөргөн кеӊешменин, мамлекттик жана муниципалдык кызматчылардын этикасы боюнча аймактык комиссиясынын 21.08.2019-жылдагы № 2 протоколунун негизинде Токтогул райондук мамлекттик администрациясынын башчысы-акими Т.Жайыловдун 13.08.2019-жылдагы № 142 сандуу буйругу эске алынсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин VIII-чакырылышынын кезектүү IV-сессиясынын айыл аймагындагы жер байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдөө иштерине бөгөт койгон, бирок 22.12.2017-жылдагы № 24 токтомун аткарууга албай, өзүм билемдик менен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ОсОО “Кирекс оф Минералс” ишканасына Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу 12440,4га жер аянтында жер байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат бергендиги үчүн Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин жалпы 21 депутаттарынын добушу менен Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Бекишов Абдыбек Дүйшебековичке ишенбөөчүлүк көрсөтүлсүн.
3. Токтогул райондук мамлекттик администрациясынын башчысы-акими Т.Жайыловдон Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Бекишов Абдыбек Дүйшебековичке айылдык кеӊештин депутаттарынын ишенбөөчүлүк көрсөтүүсүн эске алып, ээлеген кызмат ордунан бошотуу жагы суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Нуржакыповго тапшырылсын.
5. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |