Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-сентябры № 155
Кыргыз Республикасы менен айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун жана майда жер ээлерин адаптациялоо боюнча айыл чарба программасынын трасттык фондунун ортосундагы Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2 долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуусунун негизинде сатылып алынган атайын техникаларды эксплуатациялоо жөнүндө жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасы менен айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун жана майда жер ээлерин адаптациялоо боюнча айыл чарба программасынын трасттык фондунун ортосундагы Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2 долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуусунун негизинде сатылып алынган атайын техникаларды эксплуатациялоо жөнүндө жобосун талкуулап аткарууга алып Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасы менен айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун жана майда жер ээлерин адаптациялоо боюнча айыл чарба программасынын трасттык фондунун ортосундагы Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2 долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуусунун негизинде сатылып алынган атайын техникаларды эксплуатациялоо жөнүндө жобосу бекитилсин.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Жайыт Комитетинин карамагындагы автожүктөгүчтүн жана автомашинанын иштөө тартибин, элге кызмат көрсөтүү наркын бекитүү жөнүндө Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин депутаттары тарабынан айтылган сунуштар эске алынсын.
3. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Жайыт комитетинин карамагындагы автожүктөгүчтүн жана автомашинанын айдоочуларынын эмгек акысы 1-апрелден баштап 1-декабрга чейин ар бир айга 15,0 миӊ сомдон төлөнүп берилсин. Атайын техникалардын жоопкерчилиги, коопсуздугун карап сактоо жагы айдоочулар Сапаӊ уулу Замирге жана Ызаков Ыбрайымга тапшырылсын
4. ХОВО авто унаасынын кызмат көсөтүү акысы 2км чейин 1500сом, 4км чейин 2000сом, 6км чейин 3000сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Алыс аралыктар жобого ылайык келишимдин негизинде иш жүргүзүлсүн.
6. Мал чарбасын өнүктүрүү долбоорунун алкагында сатылып алына турган 7 боз үй, 3 кой кыркуучу жабдуу, 2 тоют майдалоочу шайман сатып алуу үчүн элдик салым катары 267,0 миӊ сом Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинен төлөп берүү жагы сунушталсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
8. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
9. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |