Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-декабры №156
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы К.Чодошев, А.Ибраимов, Ж.Чаргынов, С.Чекиров, М.Термечиков атындагы орто мектептеринин жана “Шумкар” бала бакчасынын 2019-2020 окуу жылына карата аткарылган иштерине баа берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин Социалдык маселелер, саламатыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча комиссиянын курамынын төрагасы Айтмурза уулу Азизбектин Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу К.Чодошов, А.Ибраимов, Ж.Чаргынов, С.Чекиров, М.Термечиков атындагы орто мектептеринин жана“Шумкар” бала бакчасынын 2019-2020-окуу жылдарга аткарган иштери боюнча маалыматын угуп, талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу К.Чодошов, А.Ибраимов, Ж.Чаргынов, С.Чекиров, М.Термечиков атындагы орто мектептеринин жана “Шумкар” бала бакчасынын 2019-2020-окуу жылына карата аткарган иштери канаттандырарлык деп табылсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу К.Чодошов, А.Ибраимов, Ж.Чаргынов, С.Чекиров, М.Термечиков атындагы орто мектептеринин жана “Шумкар” бала бакчасынын 2019-2020 окуу жылына карата аткарган иштери боюнча Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин Социалдык маселелер, саламатыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча комиссиясынын отурумунун токтомунда белгиленген кемчиликтер, жетишкендиктер толугу менен эске алынсын.
3. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу К.Чодошов,А.Ибраимов,Ж.Чаргынов, С.Чекиров, М.Термечиков атындагы орто мектептердин окуучулар арасында ар кандай кылмыштуулукту алдын алуу, болтурбоо боюнча иш чара иштеп, иш чаранын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары Т.Мундусбаевага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Социалдык маселелер, саламатыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Айтмурза уулу Азизбеке тапшырылсын.
5. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |