Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-сентябры № 157
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Орто-Жон айылынын тургундарынын сунушунун негизинде Орто-Жон айылындагы ысымы жок көчөгө маркум Байматов Токтонбайдын ысмын берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин Социалдык маселелер, саламатыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча комиссиянын курамынын төрагасы Айтмурза уулу Азизбектин сунушун угуп талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Орто-Жон айылынын тургундарынын сунушунун негизинде Орто-Жон айылындагы ысымы жок көчөгө маркум Байматов Токтонбайдын ысмы берилсин.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Орто-Жон айылындагы маркум Байматов Токтонбайдын ысмы берилген көчөнүн жашоочулары чогулуп, көчө комитеттин көрсөтүп, көчөдөгү турак жайларга Байматов Токтонбайдын ысымын, үй номерлерин катарынан жаздырып илүү жана көчөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин аткаруу жагы көчө комитеттине милдеттендирилсин .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Орто-Жон айылынын айыл башчысына жана көчө комитеттине тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |