Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-сентябры № 159
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Бел-Кара-Суу айылынын тургундарынын сунушунун негизинде Бел-Кара-Суу айылындагы ысымы жок көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, III даражадагы “Данк” орденинин ээси, маркум Карабаев Саржандын ысмын берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин Социалдык маселелер, саламатыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча комиссиянын курамынын төрагасы Айтмурза уулу Азизбектин сунушун угуп талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Бел-Кара-Суу айылынын тургундарынын сунушунун негизинде Бел-Кара-Суу айылындагы ысымы жок көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, III даражадагы “Данк “орденинин ээси, маркум Карабаев Саржандын ысмы берилсин.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Бел-Кара-Суу айылына Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу III даражадагы Данк орденинин ээси маркум Карабаев Саржандын ысмы берилген көчөнүн жашоочулары чогулуп көчө комитеттин көрсөтүп, көчөдөгү турак жайларга Карабаев Саржандын ысымын, үй номерлерин катарынан жаздырып илүү жана көчөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин аткаруу жагы көчө комитеттине милдеттендирилсин .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Бел-Кара-Суу айылынын айыл башчысына жана көчө комитеттине тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |