Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-сентябры № 160
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Ак-Жар айылындагы Алмамат элдүү калктуу конушунун тургундарынын сунушунун негизинде ысымы жок көчөгө айыл тургуну маркум Дүйшөбаев Русланбек Күлчороевичтин ысмын берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин Социалдык маселелер, саламатыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча комиссиянын курамынын төрагасы Айтмурза уулу Азизбектин сунушун угуп талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Ак-Жар айылындагы Алмамат элдүү калктуу конушунун тургундарынын сунушунун негизинде, ысымы жок көчөгө айыл тургуну маркум Дүйшөбаев Русланбек Күлчороевичтин ысмы берилсин.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Ак-Жар айылындагы Алмамат элдүү калктуу конушуна айыл тургуну маркум Дүйшөбаев Русланбек Күлчороевичтин ысмы берилген көчөнүн жашоочулары чогулуп, көчө комитеттин көрсөтүп, көчөдөгү турак жайларга Дүйшөбаев Русланбек Күлчороевичтин ысымын, үй номерлерин катарынан жаздырып илүү жана көчөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин аткаруу жагы көчө комитеттине милдеттендирилсин .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Жар айылынын айыл башчысына жана көчө комитеттине тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |