Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-сентябры № 161
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Бууракан айылынын тургундарынын сунушунун негизинде, Бууракан айылындагы ысымы жок көчөгөмаркум Абылкасымов Алимжандын ысмын берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин Социалдык маселелер, саламатыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча комиссиянын курамынын төрагасы Айтмурза уулу Азизбектин сунушун угуп талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Бууракан айылынын тургундарынын сунушунун негизинде, Бууракан айылындагы ысымы жок көчөгө көп жыл билим берүү тармагында эмгектенген маркум Абылкасымов Алимжандын ысмы берилсин.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Бууракан айылындагы маркум Абылкасымов Алимжандын ысмы берилген көчөнүн жашоочулары чогулуп көчө комитеттин көрсөтүп, көчөдөгү турак жайларга Абылкасымов Алимжандын ысымын, үй номерлерин катарынан жаздырып илүү жана көчөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин аткаруу жагы көчө комитеттине милдеттендирилсин .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Бууракан айылынын айыл башчысына жана көчө комитеттине тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |