Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-сентябры № 162
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Камыш-Башы айылындагы №35 Ж.Чаргынов атындагы орто мектебинин кыргыз-тили жана адабиятты сабагынын мугалими Сманова Гүлбайра Бабановнаны Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак Грамотасына” көрсөтүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Камыш-Башы айылындагы №35 Ж.Чаргынов атындагы орто мектебинин мугалимдер жамаатынын жалпы чогулушунун 23-август 2019-жылдагы № 9 токтому эске алып, Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Камыш-Башы айылындагы №35 Ж.Чаргынов атындагы орто мектебинин кыргыз-тили жана адабиятты сабагынын мугалими Сманова Гүлбайра Бабановнаны Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак Грамотасына” көрсөтүү жөнүндөгү мектеп мугалимдер жамаатынын жалпы чогулушунун 23-август 2015-жылдагы № 9 токтому эске алынсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Камыш-Башы айылындагы №35 Ж.Чаргынов атындагы орто мектебинин кыргыз-тили жана адабиятты сабагынын мугалими Сманова Гүлбайра Бабановна Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак Грамотасына” сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер, саламатыкты сактоо, билим берү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча комииссиянын төрагасы Айтмурза уулу Азизбекке жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |