Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-сентябры № 165
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Камыш-Башы айылынын тургуну Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Акматалиев Абдыракманга ”Кызыл-Өзгөрүш айылынын ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин Социалдык маселелер, саламатыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча комиссиянын курамынын төрагасы Айтмурза уулу Азизбектин маалыматын угуп талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо бөлүмүнүн башкы адиси К.Сулпукорованын сунушун эске алып, Улуу Ата Мекендик согуштун 75-жылдыгына карата Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Камыш-Башы айылынын тургуну Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Акматалиев Абдыракманга ”Кызыл-Өзгөрүш айылынын ардактуу атуул” наамы берилсин.
2. ”Кызыл-Өзгөрүш айылынын ардактуу атуул” наамын берүүдө тиешелүү иш кагаздарын (күбөлүк, сертификат жана төш белги) даярдоо жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |