Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 03-февралы № 6
Акман жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин курамына депутаттарды кошуу жөнүндө
Акман жайыт комитетинин төрагасы М.Исаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Акман айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин курамына, жаны депутаттар шайланып келгендигине байланыштуу төмөндөгү курамдагы депутаттар сунушталсын.
1.) Ш.Калыков депутат
2.) А.Тилекеев депутат
3.) А.Осоркулов депутат
4.) К.Сопуев депутат
5.) А.Шырдаков депутат
6.) Т.Атакулов депутат
2. Сунушталган депутаттар жайыт пайдалануучулар бирикмесинин конференциясына сунушталсын.
3. Акман жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасын шайлоо Акман жайыт пайдалануучулар бирикмесинин конференциясында каралсын.
4. Акман жайыт пайдалануучулар бирикмесинин конференциясын тез арада уюштуруу Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М. Көкөновго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Акман айылдык кенешинин социалдык саясат, этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | К. Сопуев |