Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-февралы № 15
Жаны-Акман участкасында жайгашкан муниципалдык ветлечебница жөнүндө
Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Көкөновтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Акман участкасында жайгашкан муниципалдык менчикте турган ветлечебницанын имараты, жаңы ветлечебница имаратын куруу үчүн бузулсун.
2. Ветлечебницанын имаратын бузуу боюнча төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн .
1)Карабеков Алтынбек айылдык кенештин депутаты, комиссия мүчөсү.
2)Текебаева Нурила айылдык кенештин депутаты, комиссия мүчөсү.
3)Акматбеков Нурбек айылдык кенештин депутаты, комиссия мүчөсү.
4)Матисаков Кулчоро айыл аймагынын орун басары, комиссия мүчөсү.
5)Калимбетов Нурлан айыл аймагынын ФЭП башчысы, комиссиянын мүчөсү
6)Маматкулов Советбек айыл аймагынын жер адиси, комиссиянын мүчөсү.
7)Сейитов Кенжебек айыл аймагынын соц.адис, комиссиянын мүчөсү
3. Бузулгандан чыккан материалдарды комиссия курамы менен биргеликте айыл өкмөтүнүн кампасына бирме-бир эсептелип киргизилсин.
4. Токтомду аткаруу жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Көкөновко милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин социалдык саясат жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Сопуев |