Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-февралы № 16
Акман айылдык кенешинин 03.02.2017-жылдагы №6 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
ПРЖР-2 долбоорунун эксперти Д.Арзикуловдун сунушун жана депутат М.Исаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Акман айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги III- сессиясынын 03.02.2017-жыл № 6 токтому менен 03.02.2017-жылдагы сессиянын протоколунда сунушталган депутаттарында гендердик теңдик сакталбагандыктан, жана ошондой эле саны дал келбегендиктен (1) биринчи пункту жокко чыгарылсын.
2. Акман жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин курамына беш адамдан турган курамда төмөндөгү депутаттар сунушталсын.
1.) К.Сопуев депутат
2.) К.Шайдилдаева депутат
3.) Н.Текебаева депутат
4.) С.Маарамов депутат
5.) А.Шырдаков депутат
3. Сунушталган депутаттар жайыт пайдалануучулар бирикмесинин конференциясына сунушталсын.
4. Акман жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасын шайлоо Акман жайыт пайдалануучулар бирикмесинин конференциясында каралсын.
5. Акман жайыт пайдалануучулар бирикмесинин конференциясын тез арада уюштуруу Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Көкөновго милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Акман айылдык кенешинин социалдык саясат,этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | К. Сопуев |