Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-февралы № 17
Мамыр баатыр баяны китеби жөнүндө
Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин доценти Гүлжамал Токтогулованын жана депутат С.Шайдылдаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Акман айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Мамыр баатыр баяны” китебин чыгаруу үчүн кошумча акча каражаты каралсын.
2. Ишке ашырылып жаткан китепке айыл өкмөт тарабынан 20000 (жыйырма мин) сомдук акча каражаты жардам иретинде айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен төлөнүп берилсин.
3. Токтомду аткаруу жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Көкөновко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, кызмат көрсөтүүлөр жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Сопуев |