Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-февралы № 18
Атайын техника сатып алуу жөнүндө
Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Көкөновдун жана депутат М.Исаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинен АРИСтин ПРЖР-2 долбооруна жазган кичи долбоордук сунушу жактырылсын, жана колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2. Атайын техника сатып алуу үчүн даярдалган долбоорго 610 000 (алты жүз он мин) сомдук өздүк салымды айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен төлөп берүү жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Көкөновго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы –башкы эсепчиге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, кызмат көрсөтүүлөр жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Сопуев |