Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 03-апрели № 25
Акман айыл округунун калктуу конуштарды кеңейтүү боюнча комиссия түзүү жөнүндө
Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Көкөновдун билдирүүсун угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калктуу конуштарды кеңейтүү жана айыл тургундарынын арыздарын карап чыгуу үчүн комиссия түзүлсүн:
1.) К.Матисаков –комиссиянын төрагасы, айыл округунун башчысынын орун басары
2.) С.Маматкулов –комиссиянын мүчөсү, айыл округунун жер адиси
3.) Ш.Калыков- айылдык кенештин депутаты, комиссия мүчөсү
4.) К.Шайдилдаева -айылдык кенештин депутаты, комиссия мүчөсү
5.) Э.Усенов - айылдык кенештин депутаты, комиссия мүчөсү
2. Токтомду аткаруу жагы Акман айыл округунун башчысы М.Көкөновго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | К. Сопуев |