Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 03-апрели № 26
Акман айыл округунун муниципалдык менчик жерлерин сатуу же ижара укугун берүү боюнча комиссия түзүү жөнүндө
Акман айыл округунун муниципалдык менчик жерлерин сатуу же ижара укугун берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23-сентябрь, 2011-жылдагы №571 Токтомунун негизинде комиссия түзүү максатында Акман айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23-сентябрь, 2011-жылдагы №571 Токтомунун негизинде Акман айыл округунун муниципалдык менчик жерлерин сатуу же ижара укугун берүү боюнча төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
1.) К.Шайдилдаева –комиссиянын төрайымы, айылдык кенештин депутаты
2.) Н.Молдоташов – катчы, комиссиянын мүчөсү, муниципалдык менчик адиси
3.) С.Маматкулов –комиссиянын мүчөсү, айыл округунун жер адиси
4.) К.Матисаков – комиссиянын мүчөсү, айыл округунун орун басары
5.) Ш.Калыков- комиссиянын мүчөсү, айылдык кенештин депутаты
6.) Э.Усенов - комиссиянын мүчөсү, айылдык кенештин депутаты
7.) А. Тилекеев -комиссиянын мүчөсү, райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын адиси
8.) А.Абдугулов- комиссиянын мүчөсү, райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын адиси
9.) С.Самидинов - комиссиянын мүчөсү, Колот айылынын айыл башчысы
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | К. Сопуев |