Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-майы № 29
Акман айыл аймагынын жеке менчик турак жай куруу үчүн жер аянттарын ажыратып берүү жөнүндө
Акман айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси С.Маматкуловдун жеке турак жай куруучулардын маселелери жөнүндө билдирүүсүн угуп чыгып. Кыргыз Республиканын жер кодексинин 32-беренесинин 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 15-июнь 2015-жылдагы №145 “Жер участокторун которуу” (трансформациялоо) мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-март 2014-жылдын №169 мыйзамына ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 сандуу “Жеке менчик турак уй куруу учун жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна таянып. Акман айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон районунун, Акман айыл Өкмөтүнүн жеке менчик турак жай куруу үчүн Таш-Булак участкасынан №2 контурдан 5,0га КБФнын кайракы айдоо, Жараке участкасынын Көлмө айылынын №32 контурдан 12,0га КБФнын кайракы айдоо, Бешик-Жон участкасынан №597 контурдан 1,30га КБФнын кайракы айдоо жалпысы 18,30га жер аянтарынын трансформация жөнөтүү үчүн ажыратылып берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Акман айыл округунун башчысы М.Көкөновго жүктөлсүн.
Төрага | К. Сопуев |