Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-майы № 34
Акман айыл аймагынын Жараке айылындагы кичи футбол аянтчасынын тарифин бекитүү жөнүндө
Акман айыл өкмөтүнүн экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Калымбетовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Акман айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын Жараке айылына курулган кичи футбол аянтчасын Б.Осмонов атындагы №6 гимназия мектебинин кароосуна берилсин.
2. Кичи футбол аянтчасынын электр энергиясына жана күнүмдүк ондоп түзөп туруу үчүн кечки саат 18-00дөн 22-00гө чейин Акман айыл аймагынын айыл тургундарына 200сом, ал эми бөлөк жактан келип ойногондорго 300сом болуп бекитилсин.
3. Кичи футбол аянтчасынан келип түшкөн акчалар Акман айыл өкмөтүнүн бюджетине кириштелсин.
4. Балдардын футболго болгон кызыгуусун арттыруу жана машыктыруу үчүн саат 16-00дон 18-00гө чейин ошондой эле бош график убактарында Жараке айылынын тургуну Асилбеков Азаматка кичи футбол аянтчасы берилсин.
5. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Матисаков Кулчорого милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Сопуев |